BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет

Башкы кабарлар

Дүйнөлүк чемпионат - 2026: Оюндар жана жыйынтыктар

Футбол мелдештериндеги бир дагы голду өткөрүп жибербеңиз

Skip Күндүн видеосу and continue reading

Күндүн видеосу

  • Ташиев
  • тил
  • rescue attempt
  • collage
  • collage
  • Ташиев
  • кырсык
  • screenshot
  • collage
  • спорт
  • Баткен
  • collage

Би-Би-Синин WhatsApp каналына катталыңыз

Биздин каналдан дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы күндүн башкы жаңылыктарын жана Би-Би-Синин эксклюзивдүү баяндарын биринчилерден болуп окуңуз

Редактордун тандоосу

  • Учак кулаган жер

    Францияда парашютчуларды ташыган учак кырсыктап, 11 адам каза болду

    Жергиликтүү бийлик органдарынын маалыматы боюнча, Франциянын чыгышындагы Томблен шаарында парашютчуларды ташыган жарандык учак кырсыкка учурап, он бир адам: 1 учкуч жана 10 жүргүнчү — беш окуучу менен беш инструктор каза болду.

  • Жогорку Кеңеш

    "Ташиевдин байланышын колдонуп канча келишти": Маматалиевдин маеги

    Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Би-Би-Сиге эксклюзивдүү маек курду. Ал Камчыбек Ташиевге коюлуп жаткан айыптар, "75чилердин каты" жана ага парламенттин айрым депутаттары канчалык деңгээлде аралашканы тууралуу айтып берди.

  • Кеме

    АКШ Ормуз кысыгындагы жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулдан кийин Иранга сокку урду

    АКШнын аскердик күчтөрү Ормуз кысыгында жүк ташуучу кемеге жасалган чабуулдан кийин Иранга сокку урганын билдирди. Маалыматка караганда, ракеталар жана дрондор сакталган кампалар, ошондой эле кысыктын жээгиндеги радарлар бутага алынган. Кийинчерээк Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) аймактагы америкалык позицияларга сокку урганын маалымдады.

  • апgf

    Нарын: бир канча киши "Эдунун" үстүнөн президентке кайрылды

    Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы жолугушууларында бир канча киши УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун атын атап, президентке даттанышты. Бишкек шаарынын тургуну Чыныгүл аттуу жаран кайрымдуулук фондуна байланыштуу маселени көтөрдү.

  • Украина 2023-жылдан бери биринчи жолу бир айдын ичинде жоготкон аймагынан көбүрөөк аймакты кайрадан өз көзөмөлүнө кайтара алды.

    Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш бурулуш учурга жеттиби?

    2023-жылдан бери биринчи жолу Батыштын саясатчылары, серепчилери жана ЖМКлары Украинадагы согушта "бурулуш учур" тууралуу сөз кыла башташты. Чындыгында эле, быйыл Украинанын Куралдуу күчтөрү согуш талаасында душмандын чабуулун кыйла токтотуп, анын логистикасына жана ооругуна урган соккулардын санын жана сапатын жогорулата алды. Киев "стратегиялык демилгени колго алганын" ачык айта баштады. Бирок, бул "бурулуш учур келгени" тууралуу сөз кылуу үчүн жетиштүүбү?

  • Крым

    Украинадагы согуш: Орусияга жыл башынан берки эң ири дрон чабуулу жасалды

    Орусиянын Коргоо министрлиги 26-июнга караган түнү өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү Украинанын учак тибиндеги 660 учкучсуз учуучу аппаратын атып түшүргөнүн билдирди. ТАСС агенттиги өз эсептөөлөрүнө таянып, бул жыл башынан берки эң ири түнкү дрон чабуулу болгонун жазды.

  • вав

    "Көмүр королу". Нурлан Мотуев 57 жашында каза болду

    2005-жылдагы март ыңкылабынын активдүү катышуучусу, кыргыз саясатындагы талаштуу фигуралардын бири, кезинде "көмүр королу" атыккан Нурлан Мотуев 57 жашында оорудан көз жумду. Маалыматка караганда, ал узакка созулган оорудан Бишкектеги Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда каза болгон.

  • апаd

    100 жылдагы эң катуу жер титирөө: Венесуэлада 200дөн ашык адам каза болду

    Венесуэлада болгон эки кыйратуучу жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 235 адам каза болгонун өлкөнүн саламаттык сактоо министри Карлос Альварадо билдирди. Миңдеген адам дагы эле дайынсыз.

  • Аскат Жетиген

    "Аскат Жетигенди кыйнашкан". Депутат Элвира Сурабалдиева абактагы акынды бошотуу маселесин көтөрдү

    Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин бүгүнкү жыйынында президентке жана УКМК жетекчилигине ыраазычылык билдирип, "саясий жылуулуктун" алкагында бошотулган төрт жарандын - Бакай Кудайбергеновдун, Эсен Мусаевдин, Абай Садыралиевдин жана Бактыбек Балтабаевдин атын атап өттү. Ошону менен бирге Аскат Жетигенди да бошотуу суранычын айтты.

  • Фархад Иминов

    "Кытайлык ишкер арызданган". Фархад Иминов пара тууралуу айыптоолорго жооп берди

    Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Фархат Иминов Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиевдин парламентте айткан билдирүүсүнө жооп берди Ал "Кактус" маалымат агенттигине берген маалыматында айыптоолорду четке каккан.

  • Маматалиев

    Жаңы спикер, эски таасирлер: Жогорку Кеңеште эми кимдин таасири күчтүү?

    Жогорку Кеңештин 8-чакырылышы биринчи сессиясын жыйынтыктап жатат. Бул кыска убакыт аралыгында парламентте бир катар олуттуу саясий окуялар орун алды. Сессияны жалпы жонунан саясий драмага бай болду деп мүнөздөсөк жарашчудай. Бул чакырылыш башынан эле өлкөдөгү эки негизги саясий фигура - президент Садыр Жапаров менен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тымызын саясий тирешинин фонунда ишин баштады. Бул эки саясий фигура 2020-жылы бийликке тандемдеш болуп келгени менен, мамилеси сууп баратканы айтылган мезгилде - былтыр парламенттик шайлоо өткөн эле.

Би-Би-Си ТВ жаңылыктары

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.

Көп окулгандар